Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

"Исфана" аэропорту оңдоп-түзөлдү

Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, аба майданында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттары бар, жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган. Анда каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү бар. Долбоорду ишке ашырууга канча каражат сарпталганы айтылган эмес.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG