Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Роухани Иранда 25 миллион кишиге коронавирус жукканын айтты


Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөттүн жыйынын өткөрүүдө. 24-июнь, 2020-жыл
Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөттүн жыйынын өткөрүүдө. 24-июнь, 2020-жыл

Ирандын президенти Хасан Роухани 18-июль күнү Тегеранда жасаган билдирүүсүндө өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 25 миллион адамдын тегерегинде экенин айтты.

Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн изилдөөгө таянган Роухани пандемия башталгандан бери Иранда 14 миңдей киши каза болгонун айтып, жаңы вирусту олуттуу коркунуч катары кабыл алууга үндөдү.

81 миллион калктуу өлкөдө ушу тапта 200 миңден ашуун адам ооруканаларга кайрылганы, бул сан жакынкы айларда эки эсе көбөйүшү, бардыгы 30-35 миллиондой адам коронавирус жуктурушу мүмкүн деп күтүлүп жатканын белгилеген Хасан Роухани калкты оорудан сактануу чараларын көрүүгө чакырды.

Ирандын парламенти жарыялаган мурунку баяндамада вирустун жайылышына догдурлар колдонуп жаткан тесттердин ишеничсиз сапаты себеп болуп жатканы белгиленген.

XS
SM
MD
LG