Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 06:36

Немерюк: Москвада Армениянын товарларына тыюу салынды деген маалымат жалган


Москванын Соода департаментинин башчысы Алексей Немерюк Армениядан келген товарларды сатууга эч жерде тыюу салынбаганын, алар «Фуд Сити» соода борборунда эркин сатылып жатканын билдирди.

Буга чейин Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян Москвадагы «Фуд Сити» соода борборунун азери жетекчилери Год Нисанов жана Зарах Илиев Армениядан келген товарларды саттырбай жатканын билдирген. Армениянын элчиси президент Владимир Путинге кайрылып, «Орусияда Азербайжан бийлигинин кабагын карап, ошол өлкөнүн мыйзамдары менен иштеген анклавдар бар» деп айткан.

12-июлда Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан чыр чыккан. Бул чыр Москвадагы эки өлкөнүн ишкерлери ортосундагы соода согушуна себеп болду.

XS
SM
MD
LG