Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Ысык-Көлдө 25 жаштагы эс алуучу сууга чөгүп кетти


Ысык-Көл

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 25 жаштагы адамдын сөөгү бүгүн, 20-июлда табылып, жакындарына берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Максатбек Сарбагышев билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.А аттуу эс алуучу 19-июль күнү кечки саат 18:00 чамасында сууга кирген бойдон чыкпай калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын издөө иштерине катуу шамал тоскоол болуп, чөккөн адамды дароо табуу мүмкүн болбой калган.

Сууга чөккөн адам теңтуштары менен Бишкектен келип, Чок-Тал айыл аймагындагы "Париж" эс алуу жайына жайгашкан.

Быйыл жыл башынан бери Ысык-Көлгө беш киши чөгүп кеткен. (KS)

XS
SM
MD
LG