Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:05

ИИМ: Бейтап каза болгону тууралуу маалымат боюнча териштирүү токтоду


Ыктыярчы София-Айдана Мурзаева сакайып кеткен бейтабы менен жолукту. ИИМдин сүрөтү.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Бишкекте ыктыярчы кыздын адам өмүрүн сактап кала албай ыйлаган видеосу боюнча сотко чейинки териштирүүсүн токтотту. Бул тууралуу 22-июлда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, кыздын “Мен аны сактап калмакмын, оорукана кабыл албай, ортодо жети мүнөт жоготуп алдым” деп ыйлап жаткан видеосунан кийин окуя кандайча болгону тууралуу териштирүү башталган.

Ыктыярчы кыз тергөөчүлөргө түнкү стационардагы дарыгерлер адегенде орун жок дешкенин, бирок суранычтардан кийин бейтапка кычкылтек концентраторун коюуга макул болуп, аны ичке алып кирип кетишкенин, он мүнөттөн кийин бир дарыгер чыгып, “бейтаптын жүрөгү сокпой, каза болуп калды” деп жарыялаганын айтып берген.

Милициянын маалыматына караганда, ыктыярчылар кетип калгандан кийин бейтап кайра өзүнө келген жана ал каза болгону тууралуу кабар такталган эмес.

Окуя 16-июлда болгон. Өзүн София-Айдана Мурзаева деп тааныштырган кыз “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү экенин, абалы оор деген бейтапка Ак-Ордо конушуна он мүнөткө жетпей барышканын, бирок убактылуу стационардан ал каза болгону үчүн кейип жатканын айтып берген. Мурзаеванын ыйлап жаткан видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынган.

Июль айы башталгандан бери Бишкекте коронавирус боюнча абал курч болуп турат. “Тез жардам” кызматы мурда бул мезгилде дээрлик катталбаган пневмонияга бир суткада 100гө жакын адам кабылып жатканын, дарыгерлер жетишсиз экенин билдирүүдө.

Ооруканаларда орун жок калгандыктан мэрия спорт, ресторан залдарында жана башка жайларда кошумча стационарларды ачып жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG