Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Боронов бейтапканаларды эпидемиянын экинчи толкунуна даярдоону тапшырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 22-июлда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү тапшырмасын койду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл».

Боронов медицина кызматкерлеринен илдеттин жугуу себептерин аныктоону талап кылды. Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгенгендерди өтүшүп кеткенге жеткирбей алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

«Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан, ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш», - деди премьер-министр.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эксперттер күз мезгилинде коронавирустун экинчи толкуну баштала турганын божомолдоп жатат. Алар алдыдагы күндүн камын азыр көрүүгө чакырышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG