Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Кыргызстан Кытайга карыз төлөөнү токтотуп турууну макулдашты


Кыргызстандын тышкы карызы чет элдик валюта менен төлөнөт. Сүрөттө АКШ доллары. Иллюстрация.
Кыргызстандын тышкы карызы чет элдик валюта менен төлөнөт. Сүрөттө АКШ доллары. Иллюстрация.

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан Кытай мамлекетине болгон карызынын 2020-жылдагы төлөмдөрүн токтотуп туруу боюнча макулдашышты. Учурда карыз мөөнөтүнүн узартуу шарттары иштелип жатат.

Мындан сырткары Кыргызстан 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү 3-4 жылга жылдырып туруу жөнүндө Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония мамлекеттери менен макулдашты.

15-апрелде “Чоң жыйырма” жана насыя берүүчү өлкөлөрдүн уюму (Париж клубу) тарабынан Эл аралык валюта фонд менен Дүйнөлүк банк колдоого алган жакыр өлкөлөрдүн (алардын катарында Кыргызстан бар) карыз төлөөсүн токтотуп туруу демилгеси жактырылган. Бул демилгенин алкагында Кыргызстан өз кредиторлоруна тышкы карызды төлөөнү токтотуп туруу боюнча кайрылган.

Кыргызстанда тышкы карыз боюнча маселе коронавирус пандемиясы башталгандан кийин эле козголгон. Апрелдин ортолорунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшүп, коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган.

Жээнбеков бул маселеге 28-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) видеоконференциясында да кайрылган.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар, анын 86% сырткы аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG