Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Еврошаркет киберчабуулдарга байланыштуу ГРУга санкция салат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Евробиримдиктин элчилери Орусиянын Аскердик чалгындоо кызматы (ГРУ) жана кытайлык, түндүк кореялык уюмдарга санкция салууну колдошту. Бул чара акыркы жылдардагы киберчабуулдарга байланыштуу көрүлүп жатат. Бир катар булактар «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маалымдашкандай, элчилер ГРУнун, кытайлык "Huaying Haitai Science and Technology Development Co" жана түндүк кореялык "Chosun Expo" компанияларынын активдерин пайдалануусуна чектөө киргизүүнү чечишти.

Мындан тышкары Кытайдын жана Орусиянын алты жаранына виза берүүгө тыюу салынат. Шаркет дал ошол адамдар "WannaCry", "NotPetya" жана "Cloud Hopper" деген киберчабуулдардын артында турат деп эсептейт. Сөз болгон үч мамлекеттин атайын кызматтарына байланышы бар деген чабуулдарга Евробиримдиктин бир нече мүчөсү жана башка өлкөлөр туш болгон.

Санкциялар айдын аягына чейин кабыл алынары күтүлүүдө. Киберсанкциялар тууралуу жобону шаркет былтыр жактырган.

XS
SM
MD
LG