Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

28-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачындар болот. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-июль күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;

Бишкек шаарында түнкүсүн 19...21, күндүз 33...35 градус болот.

XS
SM
MD
LG