Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бишкекке Түштүк Кореядан кыргыз жарандары келди


«Манас» эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» эл аралык аэропорту 25-июлда «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

Бул каттам менен Кыргызстанга Кореядан 49 кыргызстандык кайтып келди. Каттам Түштүк Корея менен сүйлөшүүдөн кийин уюштурулду.

Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG