Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Москвада азерилер менен армяндар жаңжалдашты


Соңку жаңжалдар тууралуу интернетке бир топ видеолор жарыяланды.
Соңку жаңжалдар тууралуу интернетке бир топ видеолор жарыяланды.

Орусиянын Москва шаарында апта аягында Азербайжан менен Армениянын жарандары кагылышкан бир катар окуялар орун алды. Шаардык полиция буга байланыштуу 25-июлда 30дан ашык адам кармалганын билдирди. Ишембиде Санкт-Петербургда полиция азери-армян жаңжалын алдын алынып, ондогон адам камалганын маалымдады.

Соңку жаңжалдар тууралуу интернетке бир топ видеолор жарыяланды. Алардын биринде Армениянын номуру тагылган автоунааны бир канча адам талкалап, ичиндеги айдоочуну кошо уруп жатканы тартылган. Башка видеодон азери ишкерлерине таандык ресторанды талкалашканын көрүүгө болот. Кагылышка байланыштуу кылмыш иштери козголуп, тергөө башталды.

Азербайжан менен Армениянын диаспора өкүлдөрүнүн кагылышы башка мамлекеттерде, тактап айтканда, Лондондо, Брюсселде жана Лос-Анжелес шаарларында да орун алды.

Түштүк Кавказдагы бул эки коңшу мамлекеттин мамилеси 12-июлдан бери чыңалып турат. Эки мамлекеттин чек арасындагы соңку ок атышууларда эки тараптан 16 адам ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG