Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткөн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG