Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Өзбекстандан жарым жылда беш миңдей адам көчүп кетти


Өзбекстанда тартылган сүрөт.
Өзбекстанда тартылган сүрөт.

2020-жылдын алгачкы алты айында Өзбекстандан чет мамлекеттерге 4710 адам көчүп кетти. Демографияга байланыштуу бул маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Баяндамага ылайык, кеткендердин эң көбү Каракалпакстан автоном республикасынан (1460), Ташкент облусунан (1274) жана Ташкент шаарынан (1132).

Көчүп кеткендердин көбү Казакстанга (2770) жана Орусияга (1737) барган. Андан тышкары, Израилге, Тажикстанга жана Кыргызстанга кеткендер бар.

XS
SM
MD
LG