Орусия Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарын машыгуудан өткөрдү. Бул тууралуу 31-июлда «Известия» басылмасы Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик округуна таянып кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, Су-25СМ учактары «Эдельвейс» полигонунда өткөн машыгууда өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
Мекеме «учактар шарттуу түрдө душман катары белгиленген бутаны соккуга алып, командалык пунктун, техникасын, ок атуу каражаттарын жок кылды. Башкарылбай турган С-8 ракеталардын 50 даанасы чыгарылды. Мындан тышкары 20 авиабомба ташталды», деп билдирди.
Машыгууга он Су-25СМ учагы жана 100 аскер кызматкери катышты.
Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.
Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.
Быйыл 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койгон. (RK)