Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Талкуу жараткан «Мекен» тасмасын 80 миңден ашуун көрүүчү көрдү


"Мекен" тасмасынан алынган сүрөт.

"YouTube” платформасына 31-июлда жарыяланган «Мекен» тасмасын 16 саатта 80 миңге жакын адам көрдү. Тактап айтканда, тасма 31-июлда саат кечки 9да жарыяланып, 1-августта саат бирге чейин 80 миң көрүүчү топтоду.

Жаңы тартылган «Мекен» тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланды. Фильмдин режиссеру Медербек Жалилов тасма Кыргызстандын кен казуу тармагындагы коррупциялык система тууралуу баяндоо максатында тартылган. Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун белгилеген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана «Кыргызкинонун» өкүлдөрүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин бир катар сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментинин башчысынын орун басары Айзада Усупекованын айтымында, тасманы тогуз мекеменин өкүлдөрү кирген комиссия көрүп чыккан. Усупекова анда милициянын аброюна аябай шек келтирген учурлар болгонун жана айрым жерлерин оңдоого сунуш берилгенин билдирген.

Фильм жаратуучулары кино тартууга өнөктөштөр карызга берген 100 миң доллар сарпталганын билдирди. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG