Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Бабур театрынын актеру Махмуджан Рахматов көз жумду


Махмуджан Рахматовдун сахнадагы образдарынын бири.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Махмуджан Рахматов 2-августта жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык музыкалык театрынын жетекчиси Азам Рахим Абдуразаков билдирди.

69 жаштагы Махмуджан Рахматов Кыргызстандагы өзбек театрынын өнүгүүсүнө салым кошкон маданий ишмерлердин бири болчу.

Өзбекстандын Анжиян облусунда туулуп, актерлук билимге ээ болгондон кийин 1969-жылы Ош шаарындагы театрда эмгек жолун баштаган. 54 жыл бою бир жерде иштеп, 130дан ашуун ролдорду ойногон. Төрт көркөм тасмада, отуздай теленовеллада роль жараткан.

Маркумдун артында беш перзенти калды. (SE)


Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG