Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Казакстанда COVID-19 менен пневмонияга кабылгандардын саны бириктирилди


Казакстандагы медкызматер.
Казакстандагы медкызматер.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-августта коронавирус менен пневмонияга чалдыккандардын санын биринчи жолу кошуп жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-августта 6400дөй илдетке чалдыккан адам катталып, 60тай киши көз жумду.

Министрлик өлкөдө COVID-19 менен пневмониядан жабыркагандардын жалпы санын жарыялаган жок.

Сoronavirus2020.kz сайтындагы маалыматка караганда коронавируска кабылгандардын саны 91 миңден ашат.

Пневмония менен коронавируска чалдыккандардын саны 1-августтан баштап чогуу эсептелерин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Бирок ал көрсөткүчкө буга чейин пневмониядан жабыркагандардын же өлгөндөрдүн саны кошулбайт.

XS
SM
MD
LG