Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Сирияда калган кыргызстандык келиндердин жакындары Бишкекте акция өткөрүштү


Сирияда калган кыргызстандык кыз-келиндердин жакындары Бишкекте акция өткөрүп, бийликтен аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты. 2020-жылдын 3-августу.
Сирияда калган кыргызстандык кыз-келиндердин жакындары Бишкекте акция өткөрүп, бийликтен аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты. 2020-жылдын 3-августу.

Бишкекте Сирияда калган кыргызстандык келиндерди жана алардын балдарын алып келүүгө бийликтен жардам сураган энелер акция өткөрүштү. 3-августта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулган он чакты эне президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аларды мекенине кайтарууга жардам сурады.

Энелердин айтымында, ушу тапта 100дөн ашык кыргызстандык келин жана ар биринин бери дегенде экиден баласы Сириядагы качкындар үчүн ачылган «Ал-Хол» лагеринде жашап жатышат.

Сириядагы күрд лагерлеринде отурган кыргызстандык келиндер буга чейин да бир нече жолу бийликке кайрылып, мекенге алып кетүүнү суранышкан.

Кыргыз өкмөтү аларды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын жарыялаган.

«Ал-Хол» лагери Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан. Алгач 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын жашап жатат, алардын 94% аялдар жана балдар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан. (AiB)

XS
SM
MD
LG