Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:01

Кытай маселесин козгогон казак активисти кармалды


Серик Ажибайдын пикети. 3-август, 2020-жыл.
Серик Ажибайдын пикети. 3-август, 2020-жыл.

3-августта Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына пикетке чыккан Серик Ажибайды полиция кармап кетти. Жарандык активист «Элдештирмек элчиден, жоолаштырмак жоочудан. Элден кет» деген жазуусу бар плакат кармап чыккан.

«Жакында элчи Чжан Сяо «эгер Казакстанда же Кытайда революция болуп кетсе, бир өлкө экинчисине аскерлерин киргизиши керек» деп айтты. Мен элчинин ушул пикирине каршылык билдирип чыктым. Биз Кытайдын автономиялык району эмеспиз. Биз эгемен өлкөбүз», - деп Ажибай кармалардан азыраак мурда өз көз карашын түшүндүргөн.

Ал Кытай же башка өлкөнүн Казакстандын ички ишине кийлигишүүгө акысы жок экенин кошумчалады.

Консулдукка келген жергиликтүү акимат өкүлү Ажибайдын акциясы мыйзамсыз экенин билдирип, андан соң аны полиция кармап кетти.

Өткөн аптанын аягында Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында өлкөнүн Казакстандагы элчиси Чжан Сяонун маеги жарыяланган. Анда дипломат эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кызматташтыгына токтолуп, тараптар «терроризм», «экстремизм» жана «жикчилдик» менен чечкиндүү күрөшүп жатканын, аймактагы «түстүү революцияга» каршы экенин билдирген.

Кытай - коңшулаш Казакстандын бирден-бир ири инвестору жана кредитору.

XS
SM
MD
LG