Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Орусиянын Оренбург облусунан кыргызстандыктар алынып келет


Самарада ара жолдо калган мигранттар.
Самарада ара жолдо калган мигранттар.

Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында турган кыргызстандык жарандар бир нече автобус менен Казакстан аркылуу алынып келет.

Бир нече автобустардан турган колонна 3-августта кечинде жолго чыкканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы Орусиядагы кыргызстандык жарандарды Казакстандын чек арасы жабык болгонуна байланыштуу орус-казак чек арасына чогулбоого чакырууда.

Министрлик мындан тышкары Орусиядагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу максатында Москвадан, Новосибирскиден жана Екатеринбургдан чартердик каттамдар көбөйгөнүн да эскертти.

Коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабылгандан кийин орус-казак чек арасында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык мигранттар март айынын ортосунан баштап жүздөп топтоло баштаган. Алардын 541ин өкмөт 7-майда автобус менен алып келген.

22-майда Оренбург шаарынан тогуз автобус менен 410 адам Казакстан аркылуу мекенине келген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, 20-марттан 3-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 25 миңдей кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Жалпы Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен 2 470 кыргызстандык келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG