Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Сириядагы келиндер мекенге кайткысы келет


Сирияда калган кыргызстандык кыз-келиндердин жакындары Бишкекте акция өткөрүп, бийликтен аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты. 2020-жылдын 3-августу.
Сирияда калган кыргызстандык кыз-келиндердин жакындары Бишкекте акция өткөрүп, бийликтен аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты. 2020-жылдын 3-августу.

Сирияда калган кыргызстандык келиндердин жакындары акция өткөрүштү.

3-августта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулган он чакты жаран президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аларды мекенине кайтарууга жардам сурады.

Кара-Балта шаарынын тургуну Рамас Сариевдин эки кызы 2014-жылы Сирияга кетип калган.

Азыркы маалда ар биринин экиден баласы бар. Ага удаа эле кош бойлуу жубайы да кыздарын алып келүү максатында Сирияга жөнөп кеткен. Ал ошол жактан көз жарган. Бүгүнкү күндө Рамас Сариевдин эки кызы, төрт небереси, жубайы жана баласы качкындар үчүн ачылган “Рож” лагеринде күн кечирип жатат.

Рамас Сариев жакындары менен Интернет аркылуу байланышып турат.

«Ал жерде суу, тамак-аш тартыш. Чөлдөгү чатырларда жашап, өлбөстүн күнүн көрүп жатышат. Аялдар менен балдарда эмне күнөө? Лагерди күрт аскерлери кайтарат. Алар кыздарыбызды өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Биз ушундан чочулап турабыз. Биз кыздарыбызды азгырып ээрчитип кеткен эркектер жөнүндө айткан жокпуз. Алардын көпчүлүгү өлгөн. Лагерде аялдар менен эле балдар кармалып турат. Кыздарыбыздын күнөөсү болсо, Кыргызстандын мыйзамы менен жазаланышына дагы макулбуз. Эң негизгиси аман-эсен алып келип беришсе болду».

Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Ал-Хол” лагеринде жашап жатышат.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар. Ал жакта жашагандар лагерде темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына айтып беришкен.

Сириядагы "Ал-Хол" лагери. 2019-жылдын 16-октябры.
Сириядагы "Ал-Хол" лагери. 2019-жылдын 16-октябры.

Маалыматтарга караганда, Сириянын Түркия менен чектеш аймагындагы лагерде ушу тапта жүздөн ашуун кыргызстандык келин кармалып турат. Ар биринин аз дегенде экиден баласы бар. Балдардын көпчүлүгү ошол жактан төрөлгөн.

Бир нече жылдан бери бийликке кайрылып жаткан кыргызстандыктар Сириядагы согуш иштерине катышкан эркектерди эмес, террордук топтун азгырыгына алданган аялдарды жана алардын балдарын алып келүүнү өтүнгөн.

Сириядагы сиңдисин көрүүгө зар болуп жүргөн Ажар Акунова кыргыз бийлигине мындай деп кайрылды:

«Өкмөттөн жакындарыбызды алып келип беришин суранат элем. Сиздердин балдарыңар жаныңарда жүрөт. Биздикиндей согуш болгон өлкөдө калса эмне кылат элеңер? Силер бизге түшүнүү менен карап, балдарыбызды алып келип бергиле. Эмне деп айтышты да билбей турам. Сооронбай Шарипович, бекеринен 2020-жылды “балдарды колдоо жылы” деп жарыялабасаңыз керек. Ошонун алкагында Сирияда калып кеткен мекендештериңизди Кыргызстанга кайтарууга жардам бериңиз. Биз эмне кылышты, кимге кайрылышты билбей калдык».

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет көрө баштаган. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабарлаган.

Өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Чыңгыз Айдарбеков жакын арада Багдаддан 70тей кыргызстандык бала алып келинерин кошумчалаган. Бирок өкмөттүн планы эмне себептен жүзөгө ашпай калганын эч ким түшүндүрө элек.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Уланбек Дыйканбаев “жарандардын коопсуздугу үчүн маалымат бере албасын” айтты.

Буга чейин Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан Сириядагы экстремисттерге кошулуп кеткен жарандарын жана алардын балдарын алып келген. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков эгемендүү мамлекет жарандарын чет жакта таштабашы керек деген пикирде.

«Сириядагы кыргызстандык кыз-келиндерден жана алардын балдарынан кол үзүп койсок, кийин кесепети тийиши мүмкүн. Биринчиден, 400гө жакын кыргызстандык келиндердин балдары эр жеткенде террорчулардын катарына кошулуп кетпейт деген кепилдик жок. Экинчиден, ошол жердеги кыздардын тагдыры Кыргызстандын дүйнөдөгү аброюна шек келтирет. Себеби, мамлекет болгондон кийин бир дагы жараныбыздан баш тартпашыбыз керек. Коңшу өлкөлөр өз жарандарын алып келип жатат. Аларды алып келгенден кийин медициналык кароодон өткөрүп, психологдор менен иштешүү керек. Мындан тышкары атайын кызматтын өкүлдөрү ар бирин дыкат текшерип, укуктук баа бериши абзел».

Ошол эле маалда Сириядагы согушка катышууга кетип калган жарандарды сындап, "азыркы жашоосун өздөрү тандаган" дегендер дагы жок эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта каза болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

"Азаттыктын" архиви: Экстремизмдин тору, энелердин шору. 7-ноябрь, 2019-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG