Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-сентябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Дүйнөдө 15 секунд сайын коронавирустан бир бейтап көз жуумп жатат


Бразилия.

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандар 700 миң кишиге жетти. Маалыматтарга караганда 15 секунда сайын бирден бейтап кайтыш болуп жатат. 206 миңден көп кишинин өлүмү катталган Латын Америкасы өлүм-житим жагынан Европадан ашып өттү. Өткөн жумада аймакта инфекциялангандар беш миллиондон ашкан. Көз жумгандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан Бразилияда коронавирустан 96 миңдей киши өлгөнү расмий бышыкталды. Мексика 49 миңдей кишисин жоготту. Буга карабай Латын Америкасындагы бир нече өлкө экономиканы жандандырыш үчүн карантин эрежелерин жумшартып жатышат.

Шаршемби күнгө карай дүйнө жүзүндө коронавирусту 18 жарым миллион киши жугузуп алганы расмий катталды.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрү вирустун жайылышын кайсы бир деңгээлде ооздуктаганы менен акыркы апталарда инфекциялангандар кайрадан акырындык менен көбөйүүдө.

Евробиримдик, Британия, Исландия, Лихтенштейн жана Норвегия кирген аймакта пандемия туу чокусуна жетип турган мартта күнүнө коронавируска чалдыккан 35 миң киши аныкталып турса, ушу тушта тогуз миңдин айланасында болууда. Ал эми майдын этегинен июлдун ортосуна чейин андан да аз, беш миңге жакын болчу.

XS
SM
MD
LG