Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Орусиядан 2,5 миңдей кыргызстандык мигрант мекенине автобус менен кайтып келатат


Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан кыргызстандыктар отурган автобустар. Архивдик сүрөт. 7-май, 2020-жыл.
Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан кыргызстандыктар отурган автобустар. Архивдик сүрөт. 7-май, 2020-жыл.

Орусиянын Оренбург облусунда, орус-казак чек арасында топтолуп турган 2,5 миңдей кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатат. Бул тууралуу 5-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 1101 адам отурган 20 автобус 4-августта жолго чыккан, ал эми 5-августта дагы 23 автобус менен 1356 кыргызстандык жолго чыкты.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөлөр ортосунда каттамдын бардык түрү токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде учактар үчүн чартердик каттамдар гана уюштурулуп, Орусиядагы мигранттардын айрымдары Казакстан аркылуу автобус менен ташылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги туруктуу авиакаттамдар ачыла элек экенин, орус-казак чек арасы жабык турганын белгилеп, мигранттарды чыдамдуу болууга, Казакстан менен чек арага барбоого үндөп келе жатат.

Элчи Аликбек Жекшенкулов мекенине тез арада кайтууга себеби жокторду кырдаал турукташканча кайтпай турууга чакырган.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

2019-жылдагы маалыматка караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG