Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги элдин үчтөн бири же он миллиондон ашыгы коронавирус жугузуп алганын маалымдады. Министр Ахмад Жавад Османи 5-августта журналисттерге өлкөдөгү 32 миллион калктын 31,5% коронавируска кабылганын айтты. Эң бийик көрсөткүч Кабулда, андагы беш миллион адамдын жарымынан көбү COVID-19 илдетин жугузган, басымдуу бөлүгү балдар.
«Оорунун экинчи толкуну бүт дүйнөдө жүрүп жатат. Бизге да келиши мүмкүн. Биз ага даяр болушубуз керек», - деди Османи.
Министрдин сөзүнө караганда Ооганстанда коронавирус жуккандарды иликтөө АКШдагы Хопкинс университетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен жүрүп жатат.
5-августка карата жалпы Ооганстанда 36 829 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланган. Оорудан 1294 адам көз жумган. Эксперттер чыныгы көрсөткүч мындан эселеп көп болушу ыктымал экенин айтышууда.