Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

44 партиянын төртөө шайлоо фонддорундагы каражаттары тууралуу БШКга маалымат берди


2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо учуру.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын ичинен төрт партия шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар жана буга чейинки чыгымдар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) маалымат берди. Алардын катарында «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар» партиялары, «Кыргызстандын жашылдар партиясы» жана «Бир Бол» партиясы бар. БШК тараткан маалыматта «башка партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок» деп белгиленди.

«Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебине канча каражат түшкөнү жана ал кандай чыгымдалганы тууралуу маалыматты БШКга жума сайын берип турууга милдеттүү. Ал маалыматтарды өз кезегинде БШК өз сайтына жайгаштырат.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 саясий партиянын 41и БШК аныктаган «РСК Банк» менен «Айыл Банкта» атайын эсеп ачып, шайлоо фонддорун түзгөн.

Парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия жарыялаган. Эми алар курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекиткенден кийин БШК партиянын шайлоого талапкерлигин аныктайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. (NT)

XS
SM
MD
LG