Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Лукашенко Минскиде кармалган орус жарандарын Киевге өткөрүп берүүгө даяр


Александр Лукашенко менен украиналык журналист Дмитрий Гордон.
Александр Лукашенко менен украиналык журналист Дмитрий Гордон.

Беларус президенти Александр Лукашенко Минск шаарына жакын жердеги санаторийде кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал украиналык журналист Дмитрий Гордон менен маектешкенде прокуратура жана башка күч органдарына буга байланыштуу тапшырма берилерин айтты.

Мунун алдында Лукашенко менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефондон сүйлөшкөн. Зеленский кармалгандардын арасындагы Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышкандарды Киевге өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Өткөн айдын аягында беларус атайын кызматы Минскиге жакын жерден Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери болушу ыктымал деген 33 адам кармалганын билдирген. Аларга Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деген айып коюлган.

Москва болсо мындай дооматты четке кагып, «алар Минск аркылуу башка өлкөгө бара жаткан» деп билдирип келет. Орусиянын Тышкы иштер минстрлигининин басма сөз катчысы Мария Захарова Москва Минскиде кармалгандарды «чекесинен черттирбей турганын» эскерткен.

Буга чейин «Вагнер жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө бышыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG