Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-сентябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

БШК «Чоң Казат» партиясына эскертүү берди


Москвадагы элчиликтин имаратында президенттик шайлоодо добуш берүү. 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Чоң Казат» партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди.

БШКнын мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook», YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты. «Чоӊ Казат» партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.

Буга чейин БШК эки саясий партияга эскертүү берген. «Реформа» партиясына эскертүү соцтармактарга өзүнүн урааны менен программасынын тезистерин жарыялаганы үчүн берилген. «Бирик» саясий партиясынын пандемия маалындагы жардамдары үгүт катары бааланып, эскертилген.

Шайлоого баруу ниетин билдирген саясий партиялар үгүт өнөктүгү башталганга чейин үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Мыйзам боюнча үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирген. Алар өз талапкерлеринин тизмесин 20-августка чейин тапшырууга милдеттүү. Андан кийин БШК партияларды талапкер катары каттай баштайт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG