Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

8-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Сары-Челек.
Сары-Челек.

8-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…24, күндүз 32…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36 градус болот.

XS
SM
MD
LG