Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Беларус: Талапкер Тихановскаянын штаб башчысы кармалды


Светлана Тихановская. 25-июль, 2020-жыл.
Светлана Тихановская. 25-июль, 2020-жыл.

Минск шаарында 8-августта президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоо штаб башчысы Мария Мороз кармалды.

МБХ-медиа кабарлагандай, Мария Мороз 10-августка белгиленген сотко чейин милиция бөлүмүндө кармалат. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттабай койгон дагы бир оппозициялык талапкер Виктор Бабариконун шайлоо штабынын жетекчиси Мария Колесникова кармалып, кайра бошотулду. Колесникова кармалгандан жарым сааттан кийин милиция аны башка киши менен алмаштырып алганы, тартип коргоо кызматкерлери андан кечирим сурап коё бергени тууралуу маалымат тарады.

Бабариконун өзү буга чейин камакка алынган. Июлдун ортосунда Беларус БШКсы оппозициялык талапкерлер Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалону каттоодон баш тарткан.

Беларуста президенттик шайлоо бүгүн, 9-августта өткөнү жатат. БШК президенттик шайлоого талапкер катары бийлик тизгинин 1994-жылдан бери кармап келаткан азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

Белгилүү блогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды.

Анын штабы менен өткөн айда расмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен. Натыйжада үч аял - Тихановская, Бабариконун шайлоо штабынын башчысы Мария Колесникова жана Цепкалонун аялы - Вероника Цепкало бир команда болуп шайлоого баратат.

XS
SM
MD
LG