Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Милициянын полковниги Жаныш Азизов пневмониядан кайтыш болду


Жаныш Азизов.

Милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизов 8-августта эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жаныш Азизов өз өмүрүн милиция кызматына арнаган татыктуу офицер экени, кызматын абийирдүү аткарып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркы жогору болгону, милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого чоң салым кошкону айтылат.

Жаныш Азизов 1954-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Эмгек тажрыйбасында ички иштер органдарында көп кызматтарда иштеген.

2001-жылдан 2014-жылга чейин ИИМдин катчылыгынын башчысы болгон. 2014-жылы жашына байланыштуу отставкага кеткен. Келишимдик негизде 2014-2019-жылдары кайра эле ИИМдин катчылыгын жетектеген. 2019-жылдан тартып катчылыктын башкы адиси болуп эмгектенген. Кызматындагы жетишкендиктери үчүн «ИИМдеги мыкты кызматы үчүн» төш белгиси, «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн», «Даңк» медалдары, Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 2004-жылы премьер-министрдин кол сааты жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирустан 1468 киши каза болду. Вирус жугузуп алгандар 40 миң адамга жакындады. Анын 31822си айыкты.

XS
SM
MD
LG