Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Хабаровск: Фургалдын тарапкерлеринин акциясы уланууда


Хабаровск шаарындагы 1-августтагы акция.

Орусиянын Хабаровск аймагынын камакка алынган мурдагы губернатору Сергей Фургалдын тарапкерлери 8-августта да көчөгө чыгышты.

Беш аптадан бери уланып жаткан акцияга бул ирет миңдеген киши катышып, «Бизге Фургалды көрсөткүлө!» деп кыйкырып турушту. Демонстранттар Хабаровск шаарынын борбордук аянтына чогулуп, андан кийин башкы көчөлөр аркылуу жөө жүрүш өткөрүп, жол тосушту. Айдоочулар да аларды колдогону айтылды.

Бийлик өкүлдөрүнөн демонстранттар менен эч ким жолуккан жок. Аймактын жетекчилигинин билдирүүсүндө, нааразылык акциясында борбордук аянтка 2 800 киши чогулду. Мындай акциялар Комсомольск-на-Амуре, Владивосток жана башка шаарларда да өттү.

Митингдер Сергей Фургал 15 жыл мурунку киши өлтүрүүгө байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири болчу.

XS
SM
MD
LG