Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

АКШда коронавирус беш миллиондон ашык адамга жукту


Жөө жана велосипедчен адамдар жүрүүчү жолдогу COVID-19 вирусу тууралуу маалыматтык эскертме такта. Жоржия штаты. АКШ, 1-июль, 2020-жыл.
Жөө жана велосипедчен адамдар жүрүүчү жолдогу COVID-19 вирусу тууралуу маалыматтык эскертме такта. Жоржия штаты. АКШ, 1-июль, 2020-жыл.

АКШнын көпчүлүк штаттарында карантин чектөөлөрүн алуу токтотулду же кайрадан чектөөлөр киргизилди. Чектөөлөрдүн киргизилиши айрым штаттарда оору жугузгандардын азайышына алып келди. Июль айынын ортосунда бир суткада орто эсеп менен 67 миң адам вирус жугузуп алганы катталса, августтун алгачкы жумасында бул көрсөткүч 54 миңге чейин түштү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, АКШда 9-августта жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 5 199 411 адамга жетти. COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 165,5 миңден ашты. Оорудан 2,6 млн. адам сакайды.

АКШдан кийинки орунда дагы эле Бразилия турат. Бул өлкөдө вируска чалдыккандар 100 миң адамдан ашты.

Жаңы Зеландияда 100 күндөн бери вируска бир да киши чалдыкпаганы кабарланды.

Жалпы дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 20 млн. адамдан ашты. 733 361 адам оорудан көз жумду. 12,8 млн. адам илдеттен сакайды.

XS
SM
MD
LG