Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Активист Ормонбеков башкы прокуратурадан мурдагы судья Эрнис уулуна чара көрүүнү сурады


Айбек Эрнис уулу. 2017-жыл.

Активист Адилет Ормонбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун мурдагы судьясы Айбек Эрнис уулуна чара көрүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды. Ал башкы көзөмөл органына жиберген катын «Фейсбуктагы» баракчасына да жарыялады.

Анда Айбек Эрнис уулу быйыл 6-июнда Бишкекте «Toyota Land Cruiser» автоунаасынын айдоочусу күзөтчүгө кол салып, отурган күркөсүн сүзгөн адамга карата кылмыш ишин 24-июнда токтотуп койгонун жазган.

Ошондой эле Эрнис уулу судья болуп иштеп турганда «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун да сынга алган.

Ал мурдагы судьяга байланыштуу ушул жана башка фактылар сот системасына көлөкө түшүрүп, элдин сотко болгон ишенимин кетире турганын жазды жана Айбек Эрнис уулунун ишмердигин иликтөөнү суранды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда Айбек Эрнис уулун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын кызмат ордунан бошоткон.

Июнь айында Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча change.org деп аталган сайттагы петицияга 4200гө жакын киши кол койгон.

Мурдагы судья Айбек Эрнис уулу ага карата сын-дооматтарга жооп бере элек. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG