Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушевдин буйругуна ылайык, Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 10-августта билдирди.
Ракиев 1978-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Дин жана чыгыш таануу боюнча жогорку билими бар. Эмгек тажрыйбасында медреселерде мугалим, Нарын облусунун казысы жана башка кызматтарда иштеген.
2017-жылдын май айынан тартып муфтийдин орун басары болуп иштеп келген.
Бишкек шаарынын мурдагы казысы Садриддин Мажитов быйыл 10-июлда оорудан каза болгон. Муфтият маркумда кант диабети өнөкөт илдети болгонун маалымдаган. (NT)