Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Минскиде каршылык акциясынын катышуучусу каза болду


«Рига» кинотеатрынын жанындагы демонстранттар. Минск. 10-август, 2020-жыл.
«Рига» кинотеатрынын жанындагы демонстранттар. Минск. 10-август, 2020-жыл.

Беларустун Ички иштер министрлиги президент Александр Лукашенкого каршы акциянын катышуучусу өлгөнүн алгачкы жолу расмий ырастады.

Полиция күч түзүмдөрүнө ыргытыла турган жардыргыч курал колунда жарылган адам түнкү саат 11лер чамасында көз жумганын билдирди.

Бирок окуяга күбө болгон журналисттер ал учурда ОМОН демонстранттарды кулак тундуруучу гранта менен аткылап жатканын белгилешти. Соцтармактарда демонстрант дал ушундай гранатанын жарылышынан курман болушу ыктымал экени жазылды.

Бул 9-августтагы шайлоодон кийин Лукашенкого каршы чыккандардын арасындагы биринчи курмандык. Шайлоодон кийинки каршылык акциясынын биринчи күнүндөгү полиция менен кагылышта укук коргоочулар бир адам каза болгонун билдиришкен. Бирок ал маалымат тастыкталган эмес.

«Телеграм» каналдардан Минскидеги каршылык акцияларындагы канжалаган адамдардын сүрөт-видеолору тарап жатат. Демонстранттарга каршы ок, кулак тундуруучу гранаталар, суу бүрккүч машине, резина октор колдонулганын, шаардын ар башка бурчтарында жарылуулардын үнү угулуп турганын «Азаттыктын» беларус кызматы жазды. Демонстранттар фейерверк менен каршы алышты. Айрым маалыматтарда «Молотов коктейли» колдонулганы кабарланууда.

Демонстранттар автоунаалары менен атайын бөлүктүн аскерлерин сүздүрүп кеткен кеминде эки окуянын видеосу тарады.

Жаалданган адамдар көчөдө колуна тийген буюм-тайымдан баррикада жасап, коргонууга аракет кылышты. Баш калаадагы «Рига» супермаркетинин жанында күч түзүмдөрү баррикадаларды төрт ирет алып салып, демонстранттар ошончо ирет тарап кайра чогулушкан.

XS
SM
MD
LG