13-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.