Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Жимми Лай күрөө менен абактан чыкты


Жимми Лай журналисттер менен. Февраль, 2020-жыл.
Жимми Лай журналисттер менен. Февраль, 2020-жыл.

Гонконгдогу белгилүү ишкер, бир нече күн мурун кармалып, камакка алынган «Apple Daily» гезитинин кожоюну Жимми Лай күрөө менен коё берилди. «South China Morning Post» басылмасынын маалыматына караганда ушундай эле шарт менен башка активисттер да абактан чыкты. Полиция участогунан чыгып келе жаткан Лайды анын ондогон тарапкерлери тосуп алышты.

Жимми Лай Гонконгдогу улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында «чет өлкөлүк күчтөр менен алакада болгон» деп айыпталууда. Полиция Лайды эки уулу жана башка активисттер менен кошо 10-августта кармап, камакка алган.

71 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири. Анын кармалышы Британия 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген шаарда жарандык эркиндик чектелип жатканы тууралуу тынчсыздануу күчөгөн учурга туш келди.

Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзам 1-июлда күчүнө кирген. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеген. Мындай беренелер боюнча соттолгондор кеминде 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG