Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Бир күн ичинде коронавирус 300дөн ашык кишиден аныкталды


Кыргызстандагы убактылуу оорукана. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы убактылуу оорукана. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 310 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

13-августтагы брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бир күн аралыгында вирустан үч киши кайтыш болду. Каза болгондор Бишкек шаарында, Баткен жана Ош облустарында катталды.

Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1487 кишиге жетти. Вирусту 41069 киши жугузуп алып, анын 33318и айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG