Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат берилди


Буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринен тартылган сүрөт.
Буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринен тартылган сүрөт.

Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы таанытылды. Иш-чарага Түркиянын жаштар жана спорт министри Мухарем Касапоглу, Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган жана Түрк кеңешинин жетекчиси Багдат Амреев катышты.

Дүйнө этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган Көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында уюштурулуп жатканынын чоң мааниси бар экенин баса белгилеп, шаардагы Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү жөнүндө маалымат берди.

"Көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында өтөрүнүн чоң мааниси бар. Буга чейин оюндар Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. 700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын басып алышында кыргыз жоокерлеринин чоң салымы болгон дешет. Бүгүн эки элдин 700 жылдык достугун даңазалаган Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстандан Изникке келиши - көлдүн гана мааниси эмес, тарыхий достуктун символу деп ойлойм".

Министр Мухарем Касапоглу коронавирус пандемиясынан улам быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылганын, бирок эмдиги жылы күз айларында Изник шаарында көркөмдүү иш-чара уюштуруларын билдирди.

Изник шаарындагы Көчмөндөр оюндарына дүйнө жүзүнөн бир жарым миллионго жакын турист жана спортчулар келиши пландаштырылган. Шаарда атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча курулары кабарланды.

Дүйнө этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны түрк президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. (ElB)

XS
SM
MD
LG