Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Илхам Алиев: Орусия Арменияга аскердик жүк жөнөтүүдө


Президент Илхам Алиев.
Президент Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия чек арадагы кагылышуудан кийин Арменияга аскердик жардам берип келатат деген тынчсыздануусун билдирди. Алиевдиин кеңсеси 13-августта тараткан билдирүүдө президент «түшүндүрмө» алыш үчүн мурунку күнү Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалганы айтылат.

Баку Москва Казакстандын, Түркмөнстандын жана Ирандын аба мейкиндиктери аркылуу Арменияга «400 тоннадан ашуун» аскердик жүк жөнөткөн деп эсептейт.

Өз кезегинде Кремль Путин менен Алиевдин телефон сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү таратты, бирок аскердик жабдуу тууралуу сөз кылган жок.

Июлдун ортосунда Азербайжан менен Армениянын чек ара аймагында куралдуу чатак чыгып, армян тараптан кеминде беш, азери тараптан 12 аскер окко учкан.

Ереван Алиевдин билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG