Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

АКШ элчиси Кыргызстан менен Өзбекстанды Абдуллаевди коё берүүгө чакырды


Элчи Дэниел Розенблюм.
Элчи Дэниел Розенблюм.

АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Бишкекте кармалганы тууралуу маалыматка катуу тынчсыздануусун билдирди. Элчи 13-августта «Твиттерге» «Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Абдуллаевдин эркин жүрүү укугун урматтоого жана ал өзү каалаган жерге кетишине жол берүүгө тийиш», деп жазды.

Элчи журналисттин кармалышына байланышкан окуяга жакындан байкоо салып турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармашкан. 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

10-августта сотко жеткирилген учурда Абдуллаев журналисттерге өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттин кармалышын сындашкан.

XS
SM
MD
LG