Күйдүргү жугузуп алган деген шек менен ооруканада жаткан Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылынын сегиз тургунунун биринен гана бул оору табылып, калгандарынын анализи таза чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, күйдүргү жукту деген шек менен бейтапканада жаткандар үйгө чыгарылды.
Айылдын 288 жашоочусу 24-августка чейин байкоого алынат. Аларда күйдүргүнүн белгилери байкалган жок.
25-июлда Тогуз-Булак айылында күйдүргү жуккан малды союуга тогуз киши катышкан. Этти 30дан ашык үй-бүлө бөлүп алган.
Жергиликтүү бийликтин чечими менен Тогуз-Булак айылы 4-августтан 18-августка чейин карантинге алынган, мал алып кирип-чыгуу токтотулган. (NT)