Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

«Азаттык» аткаруучу продюсер издейт


"Азаттыктын" телестудиясы.
"Азаттыктын" телестудиясы.

Аткаруучу продюсер «Азаттык» радиосунун жалпы видео өндүрүмүнүн сапатына жана редакторлук стандарттар менен талаптардын сакталышына жооптуу.

Аткаруучу продюсер кыргыз кызматынын жетекчиси, Бишкек бюросунун башчысы жана башкы редактору менен бирге бардык платформаларда видео, графика жана башка форматтарда контент даярдаган топту жетектейт.

Негизги талаптар:

Аткаруучу продюсер жалпы видео өндүрүмдүн сапатына жана редакторлук стандарттар менен талаптардын сакталышына жооптуу.

  • Программанын визуалдык көрүнүшүн анын ичинде сценография, видеопрезентация, темп, контент жана графика жагын аныктайт.
  • Бардык видеоөндүрүмдүн редакциялык жана визуалдык тактыгын, стилин жана сапатын көзөмөлдөйт. Жазылган текстти жана сценарийди редакциялайт.
  • Кабарлардын сапатын баалайт.
  • Бюронун директоруна жана башкы редакторуна окуяларды чагылдыруу, теманы аныктоо боюнча өз сунуштарын киргизет.
  • Бюронун директору жана башкы редактор менен бирге ТВ команданын иш ыргагын аныктайт. Ар бир программаны жана видео сюжеттерди жасай турган журналисттерди бекитет. Эфирге чейинки процессти карап, программаны тартуу мөөнөтүн белгилеп, анын так сакталышын көзөмөлдөйт.
  • Бюро башчысы, башкы редактор жана ТВ команда менен бирге окуяны чагылдыруу форматын (студияда конок менен баарлашуу, сюжет жасоо же түз эфирде жеринен чагылдыруу ж.б.) аныктайт.
  • Берүүнүн продюсери менен бирге программанын түзүмүн аныктайт. Керектүү учурда ага өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизет.
  • Видео жана графикалык монтаж иштерин ким жана качан аткарарын бекитип, иш тартибин белгилейт.
  • Жалпы видео жасоо процессин (контент, эфир убактысы, редакциялык өзгөртүүлөр, визуалдык жана графикалык көрүнүш) көзөмөлдөйт. ТВ командага практикалык кеңештерди берип, жол көрсөтөт. Административдик жана инженердик-техникалык топтор менен тыгыз иштеп, бардык маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүүгө көмөктөшөт.
  • ТВ программаларды, видео сюжеттерди авторлору менен талкуулап, техникалык маселелер болсо аларды чечүүнүн жолдорун табат. Эфирден кийин келген сунуш-пикирлерди авторлорго жеткирип, кайра көрүүчүлөргө жооп берүүнү көзөмөлдөйт.
  • Административдик жана инженердик-техникалык топтор менен тыгыз кызматташып, хроникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алат.
  • «Азаттык» радиосунун башка кызматтары, «Америка добушу» менен маалымат алмашууну карайт. АКШнын Глобалдык Медиа уюмунун тиешелүү кызматтары менен мазмун алмашуу процессин координациялайт.
  • ТВнын өндүрүштүк техникасын жана жаңы технологияларды колдонууну үйрөтөт.
  • Кыргыз кызматынын жетекчиси, Бишкек бюросунун башчысы жана башкы редактор менен бирге окуяларды чагылдыруунун жана контент жасоонун календардык планын түзүүгө катышат. Аткаруучу продюсер даярдалчу берүүлөрдү мурдатан пландап, алдыда күтүлүп жаткан окуяны чагылдырууга керектүү элементтерди жана зарыл шарттарды алдын-ала белгилейт.
  • Кырдаалга жараша талап кылынган башка милдеттерди дагы аркалайт.

Билими:

  • Журналистика тармагында жогорку билими жана ТВ тармагында жетиштүү тажрыйбасы болушу керек.

Иш тажрыйбасы:

  • Жаңылыктарды чагылдырууда журналисттик жетиштүү тажрыйбасы;
  • Чукул арада түз эфир уюштуруу жана анын ишин камсыз кылуу тажрыйбасы;
  • Өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык абалды терең түшүнүүсү талап кылынат.

Кесипкөйлүгүнө талаптар:

  • Видео, радио жана башка мультимедиа форматтарында даярдалчу өндүрүмгө автордук көзөмөл жүргүзүү.
  • Жаңылыктардын өзөгүн түшүнүп, редакциялык тапшырмаларды аткарууда жана талаштуу учурларда лидерлик сапатын көрсөтүү.
  • Инновациялык, чыгармачыл, кроссплатформалык журналистиканы өнүктүрүү.
  • Маалыматтын булагына таянып, телеберүүлөр үчүн текст жазуу.
  • Оператордук пультта иштөө, ТВ тармагын ичинен түшүнүү, түз жана алдын-ала жазылчу программаларды өз маалында даярдап бүтүрүү.
  • Телепрограммаларды түз эфирде жана кыска мөөнөттө даярдап алып чыгуу.
  • Маалымат берүүнү, окуяны чагылдырууну жакшыртыш үчүн оригиналдуу идеяларды сунуш кылуу.
  • Ички, аймактык жана эл аралык саясий, экономикалык, социалдык маселелерди жакшы түшүнүү.
  • Жаңы аудио, видео технологиялар, жаңылыктар системасы, маалымат табуунун каражаттары жана санариптик платформалар менен иштөө.
  • Ишти аткарууга бөлүнгөн кызматкерлерди жетектөө жана аларга көмөк көрсөтүү.
  • Кызматкерлерге өз тажрыйбасынын бөлүшүп, зарыл учурда жол көрсөтүү.
  • Өз кесиптик деңгээлин жогорулатып турууга кызыгуу.
  • Жамаатта позитивдүү, ишке шыктандырган атмосфера түзүү.
  • «Азаттыктын» мазмунун жана медиа ресурстарды башкаруу системасын натыйжалуу пайдалануу.
  • Команданын алдындагы тапшырмаларды жана жалпы эле кыргыз кызматынын стратегиялык пландарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Тил билиши:

  • Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жаза билиши зарыл. Орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөндөргө артыкчылык берилет.

Талапкер резюмесин 31-августка чейин webeditor@rferl.org дарегине жибериши керек. Тандалган талапкерлер интервьюга чакырылат. Байланыш телефону: +996 312 21 94 30, WhatsApp: +996550988755

XS
SM
MD
LG