Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Бишкекте 12,1 миң бала 1-класска катталды


Бишкектеги мектептердин бириндеги 1-класстын окуучулары. 1-сентябрь, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Мэриянын маалыматына караганда, 15-августка карата борбор шаарда 12 176 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталды. Жалпысынан биринчи класска баласын кабыл алууну өтүнүп 15 203 ата-эне кайрылган. Калган арыздар учурда каралып жатат.

Ал эми 1-сентябрдан тартып шаардагы бала бакчаларга кабыл алуу тууралуу өтүнүч менен 26 423 баланын ата-энеси кайрылган. Буга чейин 29 111 бала кабыл алынган.

Жалпы республика боюнча быйылкы окуу жылында 156 миң бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт.

Өкмөт 1-классты менчик түрүнө карабай, мектепте окутмак болду. Бул баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, кол моторикасынын калыптанышы үчүн маанилүү деп белгиленди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG