Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, милицияга Чолпон-Ата шаарында Нуке аттуу адам өз үйүндө мыйзамсыз баңгизат сактай тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Ысык-Көл районунун милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
Анын натыйжасында баңгизатты мыйзамсыз сактаган адамдын тек-жайы такталып, ал Ички иштер министрлигинде (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы тургуну (Э.Э.) экени аныкталды.
Шектүү адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө целлофан пакеттин ичинде 295 граммдык жапайы кендирдин жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы ал нашаа экенин көрсөттү.
Сот кармалган адамдын бөгөт чарасын аныктаганча ал Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта болот. (BTo)