Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Лукашенко: жаңы Конституция кабыл алынган соң шайлоо өтүшү мүмкүн


Беларустун президенти Александр Лукашенко. Минск. 16-август, 2020-жыл.

Беларустун лидери Александр Лукашенко президенттик шайлоо өлкө жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

«Биз жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Силер аны референдум аркылуу кабыл алгандан кийин, анын алкагында парламенттик, президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрө аласыңар», - деди Лукашенко 17-августта. Анын билдирүүсүн «Беларус - 24» телеканалы көрсөттү.

Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет.

Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.

17-августта бир катар заводдордун жумушчулары иш ташташты.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG