Новосибирскидеги вирусология жана биотехнология борбору вакцинаны сыноонун экинчи баскычына өткөнүн «Роспотребнадзордун» жетекчиси Анна Попова маалымдады.
«Учурда клиникалык сыноо жүрүп жатат. Ага катышкан бардык ыктыярчылардын абалы жакшы. Эч кандай реакция жүргөн жок» деди Попова.
Вакцина биринчи ыктыярчыларга сайылганы тууралуу маалымат 12-августта чыккан. «ЭпиВакКорона» вакцинасы сайылган баштапкы беш ыктыярчынын абалы мыкты экени кабарланган.
11-августта президент Владимир Путин коронавируска каршы «Гам-КОВИД-Вак» деп аталган алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн билдирген. Путин вакцинаны кызы сынап көргөнүн айткан. Орусиянын дымагына эл аралык эксперттер сын көз караш менен карап, учурда «тез арада вакцина чыгаруу эмес, сапаттуу жана коопсуз вакцина чыгаруу зарылчылыгы турганын» белгилешкен.
Ушул тапта дүйнө жүзүндө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина иштелип чыгууда. Алар сыноо мөөнөтүнүн түрдүү баскычтарында турушат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) миңдеген адамдар катышкан сыноолор бир нече айга созуларын эскертүүдө.
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө