Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Жаңы Зеландияда COVID-19га чалдыккандар көбөйүп жатат


Көчөдө бараткан жарандан коронавируска тест алып жатышат. Окленд, Жаңы Зеландия. 14-август, 2020-жыл.

Жаңы Зеландияда 18-августта коронавирус жуккан дагы 13 киши аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Окленд шаарында катталганы маалым болду. Өлкөнүн беш миллион калкынын үчтөн бир бөлүгү отурукташкан Окленд шаарында коронавирус жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу карантин киргизилген.

Жаңы Зеландияда буга чейин 102 күн бою өлкө ичинде COVID-19га кабылган бир да киши катталган эмес. Ал эми 11-августтан бери 90 киши илдетке чалдыкты.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Жаңы Зеландияда пандемия башталгандан бери 1600дөн көп адам COVID-19га чалдыгып, 22 киши каза болду.

Бул өлкөдөгү азыркы кырдаал АКШ президенти Дональд Трамптын да назарына илинди.

«Бул аябай жаман. Биз муну каалабайбыз. Бул көзгө көрүнбөгөн душман Кытайдан Европага жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө жайылбашы керек эле», - деди ал Миннесота шаарындагы шайлоо өнөктүгүнүн маалында сүйлөп жатып.

Кошмо Штаттар учурда коронавирус жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда. 17-августта Техаста каза болгондордун жалпы саны он миңден ашып, өлүм-житим эң көп катталган төртүнчү штат болуп калды. Сап башында Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Калифорния турат.

Филиппиндин баш калаасы Манилада эки жума мурда киргизилген чектөөлөр 19-августтан тартып жумшартылат. Түштүк Азиядагы бул мамлекетте коронавирус 164 миң кишиден табылып, эки жарым миңден көп адам көз жумду.

Коронавирус дүйнөдө 772 миңден көп адамдын өмүрүн алды, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 21,8 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG