Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар 42507ге жетти


Бишкектеги ооруканалардын бириндеги иш учуру. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 182 киши жугузуп алды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдиргендей, алардын 23ү Бишкекте, 7өө Ош шаарында, 23ү Чүй облусунда, 20сы Ош облусунда, 9у Талас облусунда, алтоосу Нарын облусунда, 13ү Ысык-Көл облусунда, 44ү Жалал-Абад облусунда, 37си Баткен облусунда катталды.

20-августка карата вирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары жаңы эсеп боюнча 1054 учурда түздү.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган.

Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн басма сөз жыйынында вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айткан.

Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 42 507 кишиге жукту. Анын 35 486сы айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG