ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө парламенттик шайлоо алдында уюшкан кылмыштуулуктун бийликке, коомго тийгизген таасири тууралуу маселе кайрадан көтөрүлө баштаганы айтылган. Министрлик учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, бул маселени көтөрүп жаткан айрым адамдар өздөрү түрдүү кызматтарда иштеп турган убакта уюшкан кылмыштуулуктун таасирине чара көрүп, чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын белгилеп, бул маселени ошол кезде көтөрүп чыкса болмок деп эсептейт.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов талапкер Суваналиевдин өзүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү чоң болгонун, бирок андай болбогонун «Азаттыкка» билдирди:
«Депутаттыка талапкер Өмүрбек Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, ал түгүл Жогорку Кеңештин депутаты болуп белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаев шайланганы, ошол кезде криминалдык кырдаал күчөп, буюртма киши өлтүрүү да күч алганы жалпы коомчулукка белгилүү».
Бакыт Сеитов учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлгөнүн жана бул азыркы таптагы негизги иш экенин айтты.
ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топ жана 1076 түрдүү кылмыштуу топ расмий катталган.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, учурда Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп жаткан Өмүрбек Суваналиев 19-августта билдирүү таратып, кыргыз бийлиги криминалга жеңилгенин айткан. Ал күздөгү парламенттик шайлоого аттанган бир канча партиянын артында кылмыш дүйнөсү турганын белгилеп, саясатка бел байлагандар аларга кызмат кыларын билдирген:
«Кыргызстандын парламентинде, бардык жерде коррупция жөнүндө айтылат. Бирок коррупциянын башында уюшкан кылмыш топтору турганын, башкарып жатканын эч ким айткан жок. Эртең, бүрсүгүнү башка чаап кетпесин дейт. Себеби, бийлик уюшкан кылмыштуу топторго жеңилип калган».
Өмүрбек Суваналиев - «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында парламент депутаттыгына талапкер. (ZKo)